Wildberries компаниясы Кыргызстанда эки аптага ишин токтотту

Wildberries компаниясынын эн белгиси түшүрүлгөн машине.

Соода-өнөр жай палатасы Wildberries компаниясы Кыргызстанда эки аптага ишин токтотконун кабарлады.

Бул тууралуу соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Wildberries ишканасынын өкүлү Максим Губанов менен жолугушууда белгилүү болду. Компания Казакстан ишканадан айрым документтерди берүүнү талап кылып, ушундан улам Кыргызстандан товар жөнөтүү эки аптага токтогонун билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан Wildberries ишканасы менен күнүнө 25 миң доллардан ашык каражатка беш тоннадан ашык товар жөнөтөт. Соода-өнөр жай палатасы товар ташуудагы убактылуу чектөө бул платформа менен иштеген кыргызстандыктардын кирешесине олуттуу таасир этиши мүмкүн экенин эскертти.

Дагы караңыз Базардан интернетке оогон соода: Wildberries аркылуу алып-сатуу

Мекеме, товарларды аба каттамы жана темир жол аркылуу ташуу сунуштары болгонун, бардык варианттар изилденип чыгарын кошумчалады.

Орусиялык Wildberries электрондук базары Бишкек шаарында биринчи жолу 2022-жылдын апрелинде 1 миң чарчы метрлик аянтта товарларды бөлүштүрүүчү борбор ачкан. Кийин Ошто да ушундай жай уюштурду.

Компания эми Кыргызстанда 100 миң чарчы метрлик логистикалык борбор куруу маселесин караштырууда. Wildberries Орусияда маркетплейстердин катарында биринчи орунда турат. (BTo)

Дагы караңыз

Бекназаровдун Фейсбук баракчасынан жалган маалымат таратууга айыпталган жаран камалдыЖалал-Абаддагы эс алуу жайында бирөөнү бычактаган шектүү кармалдыЫсык-Ата: Атайын операцияда үйү күйгөн жаранга жатаканадан бөлмө берилгенУмбриэль Темиралиев "Бишкек" эркин экономикалык аймагына жетекчи болдуТИМ: Литванын чек арасында 90го чукул кыргыз жараны тыгында калдыМаданият министрлиги "Клооп" сайтындагы маалыматты өчүрүүнү талап кылды