Бекназаровдун Фейсбук баракчасынан жалган маалымат таратууга айыпталган жаран камалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Абактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу "массалык башаламандык уюштуруу үчүн туура эмес маалымат таратууга" айыпталган Нишанбай Иманкулов 25-сентябрга чейин камакка алынды. Анын бөгөт чарасы 7-сентябрда Жалал-Абад шаардык сотунда каралганын адвокаты Зарылбек Маматов “Азаттыкка” билдирди.

Сотто Иманкуловдун кармалышы мыйзамдуу деп табылып, аны эки айга камакка алуу өтүнүчү берилген. Судья тергөөнүн бул өтүнүчүн толук канааттандырган эмес. Иманкулов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад шаардык башкармалыгындагы тергөө абагында кармалып турат.

25 жаштагы Нишанбай Иманкуловдун кармалганы 5-сентябрда белгилүү болгон. Ал Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаровдун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу "коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, массалык башаламандык уюштуруу үчүн туура эмес маалыматтарды тараткан" деп айыпталып жатат.

Ошондо Жалал-Абад шаардык тергөө сотунун токтому экени айтылган документтин сүрөтү интернетке жарыяланган. Анда Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) негизинде кылмыш иши козголгону, 1998-жылы туулган Иманкуловдун үйүн тинтүүгө уруксат берилгени жазылган.

“Бул эч кандай фейк аккаунт эмес, анда атамдын (ред.: - Азимбек Бекназаровдун) өзүнүн жазган билдирүүлөрү жарыяланат. Буга Иманкуловдун эч кандай тиешеси жок. Болгону бир учурда аккаунт ошонун номуру аркылуу катталып калган экен. Кийин ал баракчаны колдонгон эмес, билдирүүлөрдү да ал чыгарбайт”, - деген Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров.

Бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымат бере элек.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаров соңку күндөрү абакта кыйноого кабылып жатканын айтып, улам кайрылуу жолдоп жатат. Анын мындай билдирүүлөрү социалдык тармактагы баракчасына жарыяланууда.

Жазаларды аткаруу кызматы абакта баары мыйзамда көрсөтүлгөн негизде жана тартипте кармаларын, эч кандай кыйноолорго жол берилбей турганын билдирген.

Дагы караңыз

Ысык-Ата: Атайын операцияда үйү күйгөн жаранга жатаканадан бөлмө берилгенЖалал-Абаддагы эс алуу жайында бирөөнү бычактаган шектүү кармалдыУмбриэль Темиралиев "Бишкек" эркин экономикалык аймагына жетекчи болдуТИМ: Литванын чек арасында 90го чукул кыргыз жараны тыгында калды