ТИМ АКШ менен виза мөөнөтү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди

АКШ менен Кыргызстандын туулары.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Америка Кошмо Штаттарына айрым категориядагы, анын ичинде окууга баргандарга берилген визалардын мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик АКШ менен кандайдыр бир чечимге жетишкенде кошумча маалымат берилерин, Кыргызстандын жарандары АКШга кирүү жана анын аймагында жүрүү эрежелерин так сактаса, виза боюнча сүйлөшүүгө да оң таасир этерин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында АКШ менен Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жеңилдетип, мөөнөтүн 5-10 жылга узартуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айткан.

Буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги виза алуу үчүн күткөн убакытты эки жылдан 60 күнгө азайтуу чечимин кабыл алган.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылы 21-июлда бир тараптуу денонсациялаган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев буга чейин “жаңы келишимде талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бар” десе, Вашингтон документке кол коюуга даяр экенин билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Депутат Ормонов ЕАЭБ жоболору бузулуп жатканын айттыСирияда өзбек согушчандарынын лидерлеринин бири каза болдуУКМК президенттин жардамчысынан акча талап кылган мурдагы чиновник кармалганын билдирдиБектур Зулпиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды