АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Украинага 1 миллиард долларга чейин жаңы жардам топтомун берерин билдирди.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен болгон брифингде ал пакеттин 665 миллион доллардан ашыгы аскердик жана жарандык коопсуздук үчүн жумшаларын айтты.
"Жалпысынан, орус агрессиясы башталгандан бери биз коопсуздукту камсыздоого 43 миллиард доллардан ашык каражат бөлдүк", - деди Блинкен.
Ал мурда жарыяланбаган сапар менен Киевге 6-сентябрда келди. Анын алдында Украинанын баш калаасы жана Киев облусу Орусиянын ракеталык чабуулуна туш болду.
Орусия Украинага басып киргенден бери Блинкен Киевге төртүнчү жолу келди.
Дагы караңыз
Депутат Ормонов ЕАЭБ жоболору бузулуп жатканын айттыСагынбек ырчы: Чындык өлдү дейсиңер... КойгулачыСирияда өзбек согушчандарынын лидерлеринин бири каза болдуУКМК президенттин жардамчысынан акча талап кылган мурдагы чиновник кармалганын билдирди