Ысык-Көлдөн 14 тоннага жакын таштанды чыгарылды

Архивдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) суучулдары быйыл 142 күндүн ичинде Ысык-Көлдүн 215 миң 108 гектар аянтын тазалап, 13 тонна 561 кг таштанды жана 98 миң 450 метр балык уулоочу торлорду чыгарды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМ Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулаган торлордон тазалоо иштерин март айынан тарта баштаган.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт. “Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет.

Президент Садыр Жапаров июнь айында Бишкекте куткаруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып кыргызстандыктарды Ысык-Көлгө, жалпы эле жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырган. (BTo)

Дагы караңыз

ТикТоктун өкүлдөрү кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү үчүн Бишкекке келдиАКШга берилген визанын мөөнөтүн узартуу сүйлөшүлүп жатканы айтылдыНурланбек Шакиев парламентке айтылган сын-пикирлерге жооп бердиБакир уулу Ленин округу боюнча шайлоого катышуудан баш тарттыДепутат Кара-Кече көмүрүнө тыюу, жол кирени көтөрүү чечимдерин сындады