Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

Бакир уулу Ленин округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартты


Турсунбай Бакир уулу.
Турсунбай Бакир уулу.

Турсунбай Бакир уулу Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартканын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып, "башка талапкердин пайдасы үчүн ушундай чечимге барганын" белгилеген. Бул тууралуу ал Коомдук каналдагы теледебат учурунда дагы айткан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бакир уулунан шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы түшө элек.

БШК Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Ага 24 талапкер ат салышууда. Үгүт иштери 21-авгутта башталган. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Турсунбай Бакир уулуна үгүт иштерин белгиленген мөөнөттөн эрте баштаганына байланыштуу эскертүү берген.

Боршайком 28-майдагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алган” деген доомат айтылган.

Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир ай ичинде жаңы шайлоо дайындалат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG