8-сентябрдын аба ырайы

Талас.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28,

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24,

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 26…28 градус жогору болот.

Дагы караңыз

ТикТоктун өкүлдөрү кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү үчүн Бишкекке келдиАКШга берилген визанын мөөнөтүн узартуу сүйлөшүлүп жатканы айтылдыНурланбек Шакиев парламентке айтылган сын-пикирлерге жооп бердиБакир уулу Ленин округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартты