Түркмөнстанда мектептин 1-классына баргандардын саны маалымат каражаттарында бир апта ичинде эки эсе көбөйтүлүп жазылды.
30-августта мамлекеттик медиалар "быйыл өлкөдө 76 600 бала 1-класска барат" деп кабар тараткан. 5-сентябрда ошол эле маалымат каражаттары 153 миң бала мектеп босогосун аттаганын билдиришти.
Мамлекеттик статистика комитетинин сайтында мектеп окуучуларынын саны тууралуу маалымат жарыяланган жок.
"Азаттыктын" түркмөн кызматы быйыл 1-класска барган балдардын саны кыйла аз болгонун кабарлады. Балкан облусундагы кабарчы тактагандай, батыш аймактардагы ири шаарларда өткөн жылдарга салыштырмалуу 1-класска баргандар 40-50% аз.
Жакында эле Түркмөнстандын бийлиги өлкө калкынын саны 7 миллиондон ашканын билдирген. Көз карандысыз серепчилер бул расмий маалымат коомдогу демографиялык жараяндарды чагылдырган көрсөткүчтөргө, анын ичинен мектеп босогосун алгач ирет аттаган жана окууну аяктап жаткан окуучулардын санына дал келбей турганын айткан.
2022-жылы өлкөдөгү 1 875 мектепти 82 миң окуучу аяктаса, 2009-жылы бул көрсөткүч 115 миңди түзгөн. Акыркы 13 жылдын ичинде мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн саны 33 миңге азайган.
Өкмөткө жакын булактар өлкө демографиялык каатчылыкка кептелүү алдында экенин, калктын реалдуу саны 2,8 миллиондон ашпай турганын билдиришкен.
Дагы караңыз
Британ өкмөтү "Вагнер" компаниясын террордук уюм деп тааныйтМадумаровдун камалышы: "Бүтүн Кыргызстан" комиссия түзүүнү сунуштайтӨзбек парламенти көп аялдуулукту жактагандарды жазалоону сунуштады