Өмүрбек Бакировдун иши тергелип бүтүп, прокуратурага жиберилди

Өмүрбек Бакиров.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бакировдун иши тергелип бүтүп материалдар Ош облустук прокуратурасына жиберилди. Бул тууралуу 6-сентябрда “Азаттыкка” мурдагы депутаттын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди. Анын сөзүнө караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өмүрбек Бакировго “2021-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш сатып алган” деген айып койду.

Өмүрбек Бакиров 29-августтун кечинде Ош облустук милициясына сурак берип чыккан. Назгүл Сүйүнбаева ал коргоп жаткан адам коюлган айыптар менен макул эмес экенин айткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-августта Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.

Жогорку Сот 18-августта ал шайланып келген Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

2021-жылы ноябрда аралаш системадагы парламенттик шайлоодо бул округдан жети талапкер ат салышкан. Алардын бири Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын аягында сотко Өмүрбек Бакировду добуш сатып алууга айыптап кайрылган жана анын мандатын жокко чыгаруу тууралуу арыз жазган.

Өмүрбек Бакиров буга чейин “Азаттыкка” комментарий берип, муну Кемпир-Абад маселесинде мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

Өмүрбек Бакировдун ордуна келген Равшанбек Рысбаев 6-сентябрда Жогорку Кеңеште ант берип, депутаттык кызматка киришти. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК фитосанитардык документтерди жасаган кызматкерлер кармалганын билдирдиМамыралиев Антимонополиянын төрагасы болуп дайындалдыБритан өкмөтү "Вагнер" компаниясын террордук уюм деп тааныйтӨзбек парламенти көп аялдуулукту жактагандарды жазалоону сунуштадыАзия оюндары: Кытайга Кыргызстандан 230дан ашуун киши барат

Дагы караңыз

УКМК фитосанитардык документтерди жасаган кызматкерлер кармалганын билдирдиМамыралиев Антимонополиянын төрагасы болуп дайындалдыБритан өкмөтү "Вагнер" компаниясын террордук уюм деп тааныйтӨзбек парламенти көп аялдуулукту жактагандарды жазалоону сунуштадыТүркияда сел бери дегенде беш адамдын өмүрүн алды