Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүүнү сунуштады

Бишкектеги коомдук транспорттордун бири.

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы коомдук транспорттун жол киресин көтөрүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов 5-сентябрда “Азаттыкка” билдирди.

Бул демилге учурда коомдук талкууга коюлганын, жол киренин баасын болжол менен 20-22 сомго көтөрүү сунушталганын маалымдады.

“Азыр ыңгайлуу, кенен, экологиялык жактан талаптарга жооп берген автобустар каттай баштагандан кийин анын жол киреси жок дегенде өзүн актасын деп жатабыз. Себеби автобустар өзүн-өзү актабаса, 2-3 жылда эскирип, аны кайра каржылоо кыйын болуп калат. Биз коомдук транспорт үчүн өзүнчө жол тилкелерин бөлүп, алардын ылдам жүрүшү үчүн шарт түзүп жатабыз”, - деди вице-мэр.

Өкмөт Бишкекти Кытайда жасалган 1000 жаңы автобус менен камсыздоону, алардын жарымын жыл аягына чейин алып келүүнү көздөөдө. Жаңы автобустардын 112си келип, иштеп жатат.

2-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров тургундар коомдук транспортко түшүүгө кызыкдар боло турган система түзүлө баштаганын билдирген.

Азырынча Бишкекте жүргүнчү ташуучу негизги коомдук транспорт - жеке ишканаларга караштуу маршруттук кичи автобустар. Алардын жүргүнчүлөр үчүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу көптөн бери сын жаратып келет.

Дагы караңыз

Times Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн Британиядагы мүлкү тууралуу макала жарыялады"Талибан" кен иштетүү үчүн эл аралык компаниялар менен келишим түзгөнүн жарыяладыБыйыл окуу китептерди басып чыгууга 152 млн сом бөлүндүNYT Ким Чен Ын Орусияга иш сапар менен келиши мүмкүндүгүн жазды