Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:36

Быйыл окуу китептерди басып чыгууга 152 млн сом бөлүндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылы жаңы окуу китептерди басып чыгарууга республикалык бюджеттен 152 млн сом бөлүндү. Бул каражаттын эсебинен 136 миң нускадан ашуун китеп басылып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана китеп басып чыгаруу секторунун башкы адиси Самат Тоялиев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, быйыл 7-класстардын физика, 8-класстардын химия китеби орус, тажик жана өзбек тилдеринде басылып чыкты. Ошондой эле 7-8-9-класстар үчүн информатика китебинин өзбек жана тажик тилдериндеги версиясы басылган.

"Мындан сырткары башталгыч класстар үчүн "Алиппе", "Адабий окуу", "Кыргыз тили" окуу китептери басууга даярдалып жатат. Ортоңку класстар үчүн "Адам жана коом" китеби алгачкы жолу жаңыдан иштелип чыгып басылганы турат. Быйыл 7-8-класстар үчун "Диндердин өнүгүү тарыхы" деген окуу китеби жаңы жазылып, экспертизадан өттү. Эми ал дагы басылганы турат. Быйыл жылдагыдан айырмаланып, атайын комиссия түзүп, мектептерде колдонууга сунушталган окуу китептерге экспертиза жүргүздүк. Төрт тилдеги окуу китептердин бардыгын карап чыгышты", - деди Тоялиев.

2022-жылы мектептерди окуу китептер менен камсыз кылуу үчүн 65 миллион сом бөлүнгөнү айтылган. Мурдагы билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов окуу китептер менен толук камсыз кылууга жылына 1 млрд сом талап кылынарын белгилеген.

Кыргызстандын мектептери окуу китептери менен толук камсыз боло элек. Министрлик китеп тартыштыгын ижаралык негизде чечүүгө аракет кылып келет.

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен мамлекеттик мектептерде бир нуска окуу китептин жылдык ижара акысы 25 сом деп бекитилген.

Окуу китептери басылып чыккандан кийин электрондук версиялары Билим берүү жана илим министрлигинин Электрондук китепканасына - kitep.edu.gov.kg сайтына чыгат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG