"Талибан" кен иштетүү үчүн эл аралык компаниялар менен келишим түзгөнүн жарыялады

Ооганстандын Логар провинциясындагы Мес-Айнак жез кени.

Ооганстандагы “Талибан” өкмөтү жети ири кенди иштетүү үчүн 6,5 миллиард долларлык келишим түзгөнүн билдирди.

Жергиликтүү басылмалар "Ооганстан Ислам Эмиратынын" (талибдер Ооганстанды ушундай аташат) Тоо-кен жана мунай министрлигине шилтеме жасап, келишим Иран, Кытай, Түркия, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн компаниялары менен кызматташкан жергиликтүү компаниялар менен түзүлгөнүн жазышты.

“Талибан” өкмөтүнүн экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министри Абдул Гани Барадар келишим Ооганстанда миңдеген жумуш орундарын түзүүгө жол ачарын билдирди.

Жергиликтүү талдоочулар талибдердин өкмөтү санкцияларга кабылган жана дүйнөнүн бир дагы өлкөсү тааныбаган шартта бул келишимдердин аткарылышы күмөндүү деп эсептешет.

Ооганстанда жаратылыш ресурстары – алтын, асыл таштар, жез жана дүйнө жүзүндө жетишсиз болгон литий бар. Индиялык, британиялык, канадалык жана кытайлык инвесторлор Ооганстандын мурдагы өкмөтү менен келишимдерге кол коюшкан, бирок кен казуу иштери башталганга чейин "Талибан" бийликти ээлеп алган.

Дагы караңыз

Быйыл окуу китептерди басып чыгууга 152 млн сом бөлүндүNYT Ким Чен Ын Орусияга иш сапар менен келиши мүмкүндүгүн жазды"Жунхайдагы" салык: жабылган кампалар, солгундаган соода