Салык кызматы "Жунхайдагы" соодагерлердин талабына түшүндүрмө берди

"Жунхайдагы" нааразылык акциясы. 4-сентябрь, 2023.

Мамлекеттик салык кызматы 4-сентябрда Бишкек шаарына жакын жайгашкан “Жунхай” базарындагы ишкерлердин нааразылык акцияда айткан талаптары боюнча түшүндүрмө берди.

Анда мекеме август айында базардын аймагында салыктык каттоосу жок жана салыгын, камсыздандыруу төгүмүн төлөбөй иштеп жаткан ишкерлерди аныктаган. Анын алкагында салык мыйзамдарын бузган ишкерлердерин 800дөн ашык контейнерине жана кампаларына мөөр басылган. Салык кызматы мындан тышкары контейнерлер жана кампалар “Дордой” конушундагы ишкердик кылуу үчүн эмес, турак жай курууга берилген жерлерге жайгашканы аныкталганын билдирди.

Мындан тышкары, 117 ишкердин 370 млн сомдук эсепке алынбаган товарлары бар экени такталганы, ал товарларды тастыктаган документтер жок болуп чыкканы маалыматта айтылат.

“Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык, товарларды тиешелүү коштоочу документтери жок сатып алган ишкерлер салык агенти катары бюджетке сатып алынган товардын наркынын 10 % өлчөмүндө киреше салыгын төлөөгө милдеттүү. Айрым ишкерлер бул 10 % өлчөмүндөгү киреше салыгын төлөө милдетин салык жүгүн көбөйтүү катары эсептешип, салык төлөөдөн качуу максатында ар кандай митингдерди уюштуруп, коомчулукту адаштырышууда”, - деп айтылат түшүндүрмөдө.

Салык кызматы эсепке алынбаган товарлары болгон ишкерлер кошумча салыктарды төлөй баштаганын кошумчалады.

4-сентябрда Бишкекке жакын жайгашкан “Дордой” базарынын аймагындагы “Жунхай” базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышкан. Алар Мамлекеттик салык кызматынын адистери бир апта мурун товар сактаган ондогон кампаларга мөөр басып кеткенин айтышкан. Буга кампада турган товардын жалпы наркынан 10% кошумча салык төлөө талабы коюлуп жатканын айтып, бул соодагерлер үчүн ашыкча чыгым болорун белгилешкен.

“Дордой” комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева Салык кызматы ишкерлерден товар кайдан, кандай баада келгенин көргөзүүсүн талап кылып жатканын, соодагерлерде андай кагаздары жок экенин айткан.

Акцияга чыккандар менен Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов митингге чыккандар менен жолугушуп, талаптарды түшүндүргөн.

“Дордой”, “Жунхай” базарларынын соодагерлери буга чейин да нааразылык акцияга чыгышкан. Алар патент системасын калтырууну, салыктын наркын көтөрүүнү токтотууну талап кылышкан

Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук (ЭТТН) түрү болушу шарт. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалымат системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт.

Дагы караңыз

Сокулукта турак үйдөн чыккан өрттө тестиер бала чарчап калдыЮНИСЕФ: булганган абадан улам жума сайын 90дон ашык бала чарчап калууда Ноокат райондук сотунун судьясынын кош жарандыгы аныкталды Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компанияга директор болду