Абанын кирдигине байланышкан себептер Борбор Азия менен Европада жума сайын 90дон ашуун наристенин өмүрүн алууда.
Бул тууралуу ЮНИСЕФтин жаңы чыккан баяндамасында айтылат.
Маалыматка караганда, 2019-жылы Европа жана Борбор Азияда абанын булганышынан улам 5 миң 800 бала чарчап калды. Алардын 85% бир жашка чыга элек наристелер.
“Аба булганганда, андан кичинекей балдардын өпкөсү эң катуу жабыркайт. Бул көрүнүш балдардын өсүшүнө жана ден соолугуна олуттуу зыян берет, кээде өмүрүн алганга чейин барат”, - деди ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык директору Режина де Доминичис.
Уюмдун баяндамасында абанын булганышынын айынан балдардын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаралып жатканы, анын ичинде пневмония сыяктуу наристелер үчүн өзгөчө кооптуу болгон курч респиратордук оорулар күч алганы айтылат.
Кир абадан дем алуу балдар үчүн астманын күчөшүнө, респиратордук өнөкөт жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын өөрчүшүнө, рактын пайда болушуна алып келет. Андан тышкары абанын булганышынын кесепетинен балдардын мээси эрте жабыркап, неврологиялык оорулар пайда болушуна шарт түзүлөт.
Балдар табиятынан чоңдорго караганда тез кыймылдап, булганган абадан да эки эсе көп дем алып, кир заттарды ошончо көп жутат.
“Аналитикалык маалыматта балдар физиологиялык жактан чоңдорго караганда абанын булганышына туруштук бериши кыйын экени белгиленет. Анткени алардын мээси, өпкөсү жана башка органдары тез өнүгүү мезгилинде көп сезгенет”, - деп айтылат билдирүүдө.
ЮНИСЕФ мындан ары абанын булганышынын алдын алуу үчүн өкмөттү энергия алуунун экологиялык жактан таза, натыйжалуу жолдорун колдонууга өтүүнү тездетүүгө чакырды.
Уюм ошондой эле балдар булганган абадан жабыркап калбашы үчүн мектептерге жана бала бакчаларга жакын жерлерде абанын тазалыгын текшерген мониторинг системаларын түзүүнү, коомчулукка маалымат берүүнү сунуштады.
Бишкекте айрыкча күз-кыш мезгилдеринде абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланат. Жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Адистер буга ЖЭБ, таштанды полигону, жаңы конуштар, машинанын көптүгү, менчик мончолор, көмүр жагуу, өнөр жай өндүрүшү себеп экенин айтып келишет.