Тоолуу райондордо сел коркунучу сакталууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Мекеменин Кыргызгидромет кызматынын маалыматына таянып билдиришинче, 4-5-сентябрда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

27-августтагы кыска мөөнөттөгү нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-1 айылында кокту-колоттон келген топон суу 30дай үйдү, короо-жайды, жер төлөлөрдү каптап, ички чарбалык жолдор бузулган.

Август айынын башында Түп районундагы Кең-Суу, Байзак, Талды-Суу, Корумду жана Көөчү айылдарын сел жүрүп, жалпысынан 150дөй үйдү, короону топон суу каптаган, көпүрөлөр, чарбалык жолдор бузулган. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусиянын армиясы Одесса облусун аткылоону уланттыУкраина: коргоо министри Резников кызматтан кетүүгө арыз жаздыОш шаарындагы ресторандардын биринен өрт чыктыМыйзам бузууларды аныктаган аңчылардын айлыгын көтөрүү сунушталды