Ош шаарындагы ресторандардын биринен өрт чыкты

ӨКМ тараткан видеодон алынган сүрөт.

4-сентябрда Ош шаарынын Алиев көчөсүндө жайгашкан ресторандан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, саат 11:00дө үч өрт өчүрүүчү күжүрмөн топ тартылган. Саат 12:05те өрт чектөөгө алынган.

Учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Ушул эле күнү түнкүсүн Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылындагы турак үйдөн өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр саат 02:02де жетип келип, саат 3тө чектөөгө алышкан.

Өрттөн 1 миң чарчы метр турак үйдүн чатыры, үй буюмдары жана Toyota Land Cruiser унаасы күйүп кеткен.

Өткөн жыл ичинде Кыргызстанда 3194 өрт кырсыгы катталып, анда 30 адамдын өмүрү кыйылган. Материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан.

Дагы караңыз

“Азаттыктын” YouTube каналына катталгандар 2 миллионго жеттиДепутат Маматалиев электромобилдерге "жашыл номур" берүүнү сунуштадыReuters: АКШ Украинага ураны азайтылган снаряддарды жөнөтөтОрусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салуу сунушталды