“Азаттыктын” YouTube каналына катталгандар 2 миллионго жетти

“Азаттыктын” YouTube каналы.

“Азаттык” радиосунун YouTube каналында катталуучулар 2 миллионго жетти. Каналдан сиз Кыргызстанда жана дүйнөдө болуп жаткан саясий, коомдук окуялардан кабардар боло аласыз. Ошондой эле каналга курч иликтөөлөр, эксклюзивдүү маектер, кызыктуу каармандардын окуялары, видео баяндар, даректүү тасмалар жүктөлөт. Ар кандай талкуулар, окуялар, жаңылыктар да түз алып (livestream) берилет. “Азаттыктын” YouTube каналы 2010-жылы ачылган.

Бардык социалдык тармактарда “Азаттыктын” расмий баракчалары бар. Ушул тапта Facebook'тагы баракчага 465 миң, кыргыз тилинде иш алып барган Instagram'дагы баракчага 2,4 миллион, орус тилинде маалымат тараткан баракчага 994 миң адам катталган. Андан тышкары Twitter'де, Telegram'да да окурмандары бар.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун (ЭЕ/АР) миссиясы – сөз эркиндиги орной элек жана ага бийлик тыюу салган өлкөлөрдө маалыматты таратуу жана чагылдыруу аркылуу демократиялык баалуулуктарды жана институттарды, ошондой эле адам укуктарын алга сүрөө.

“Азаттыктын” журналисттери көптөгөн адамдарга өз өлкөсүндө (жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында) жетишсиз болгон цензурасыз маалыматты жеткирет, ачык талкууга жол ачат. “Азаттык” басымга жана таасир көрсөтүү аракетине карабастан көз карандысыз журналистиканын эң бийик стандарттарына жетүүнү жана фактыларды чагылдырууну көздөйт. (BTo)

Дагы караңыз

Reuters: АКШ Украинага ураны азайтылган снаряддарды жөнөтөтОрусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салуу сунушталдыТаласта жолоочуларды сабоого шек саналгандар эки айга камалды"Жунхай" базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыктыКөкбөрүдөгү чыр: Ошто тогуз кишиге иш козголуп, бешөө эки айга камалдыМинистр Амангелдиев: Кыргызстанды эч ким тышкы карыз менен коркута албайтЖаза аткаруу кызматы Жээнбековдун кыйноого кабылганын төгүндөдү