Reuters: АКШ Украинага ураны азайтылган снаряддарды жөнөтөт

Америкалык M1A2 Abrams танкы.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байдендин администрациясы алгачкы жолу Украинага ураны азайтылган, көзөп өтүүчү снаряддарды берүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу тиешелүү документтин тексти менен таанышууга мүмкүнчүлүк алган Reuters агенттиги билдирди. Ушундай чечим кабыл алынганын басылмага дагы эки расмий булак кабарлаган.

Орус танктарынын курал-жарактарын көзөп өтүүгө жөндөмдүү снаряддар АКШнын Украинага берчү аскерий жардамынын жаңы топтомуна кирди. Бул топтом келерки аптада жарыяланат.

Сөз болуп жаткан снаряддарды Abrams танктары менен аткылоо учурунда колдонсо болот. Украинага аскердик жардам көрсөтүүгө байланыштуу булактын айтымында, Abrams танктарынын бир тобу Украинага "жакынкы жумаларда" келет.

Дагы караңыз

Көкбөрүдөгү чыр: 40тай адам суралып, беш киши кармалды Орусия Крым көпүрөсүнө үч жолу чабуул жасалгандыгын маалымдады УКМК дагы бир мектеп директору кармалганын билдирдиОрусияда такси кызматын көзөмөлдөгөн мыйзам күчүнө кирди