Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

Көкбөрүдөгү чыр: 40тай адам суралып, беш киши кармалды


Көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу кармалгандар. Ош облустук милициясы тараткан сүрөт. 1-сентябрь, 2023-жыл.
Көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу кармалгандар. Ош облустук милициясы тараткан сүрөт. 1-сентябрь, 2023-жыл.

Оштогу көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу жалпысынан 39 адам облустук милицияга алып келинип, сурак берди. Беш жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 280-берененин негизинде ("Бейбаштык") кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, кармалгандар Ноокат, Араван жана Өзгөн районунун 23 жаштан 51 жашка чейинки тургундары.

Мындан сырткары 27 кишиге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси боюнча ("Майда бейбаштык") протоколдор түзүлдү.

Азыркы учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери улантылууда.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта, өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жаңжалда жети адам жараат алган жана алардын бири ооруканага жаткырылган.

"Достук" жана "Ынтымак" командалары чечүүчү беттешүүгө чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин "Ынтымак" 2:1 эсебинде жеңип алган.

Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев чырды иликтөө башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын эскерткен.

Эгемендик күнүнө арналган негизги салтанаттар быйыл Ош шаарында өткөрүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG