Орусиянын армиясы 1-сентябрдын таңында Украинанын борбордук аймагын ракета менен аткылоону улантты.
Винницкий облусунда орус армиясынын «Калибр» деген канаттуу ракетасы жеке ишканага тийип үч киши жаракат алганын аймактын губернатору Сергей Борзов Телеграмга жазды. Дагы бир ракета атып түшүрүлгөн.
Ал арада украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы соңку бир суткада фронтто 25 кагылышуу катталганын билдирди. 1-сентябрда таратылган маалыматта украин аскерлери Мелитополь багытында контрчабуулун улантып жатышканы белгиленет.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 31-августта Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин Испанияда өткөн жыйынында контрчабуулдун жай жүрүп жатканын сынга алгандарга кескин жооп кайтарды.
Кулеба муну менен алар «украин жеринин ар бир чакырымын бошотуп алуу үчүн өз өмүрүн тобокелчиликке салып жаткан украин жоокеринин бетине түкүрүп жатканын» билдирди.
Контрчабуул башталганы украин күчтөрү бир нече аймакты орус армиясынан бошотту. Бирок чоң шаарларды өз карамагына кайтарып ала элек.
Буга чейин бир катар Батыш эксперттери контрчабуул күтүлгөндөн жай жүрүп жатканын, буга украин армиясынын аскерлерин бир багытка топтобой чачыранды кылып түштүккө жана чыгышка бөлүп салганы түрткү болгонун билдиришкен эле.
Дагы караңыз
Рим Папасы Франциск алгачкы ирет Монголияга бардыГрузияда бийликтеги партия президентке импичмент жараянын баштадыКрасноярскиде мигранттарга аскер комиссариаттарына чакыруу тапшырылды