Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:22

Грузияда бийликтеги партия президентке импичмент жараянын баштады


Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили. 29-июнь, 2023-жыл.
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили. 29-июнь, 2023-жыл.

Грузияда бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы президент Саломе Зурабишвилиге импичмент жарыялоо жараянын баштаганын билдирди.

Партия лидери Ираклий Кобахидзе буга президенттин өкмөттүн макулдугу жок Европага жасаган сапары түрткү болгонун билдирди.

Кобахидзе кошумчалагандай, муну менен Зурабишвили өлкөнүн Конститутциясын "одоно бузган", анткени президент тышкы саясаттагы кадамдарын өкмөттүн макулдугу менен гана ишке ашыра алат.

Грузин өкмөтү буга чейин президентке Германия, Украина, Швейцария, Польша, Бельгия, Дания, Болгария, Чехия жана Израилге барууга уруксат бербей койгон.

"Импичмент жараянын аягына чыгаруу үчүн 100 депутаттын колдоосу керек, ошондуктан радикал оппозициянын добушу жок аны ишке ашыруу мүмкүн эмес. Буга карабай, партиянын саясий кеңешинде Грузия президентине импичмент жарыялоо демилгесин көтөрүүнү чечтик", - деди Кобахидзе.

Саломе Зурабишвили 31-августта Берлинде Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолуккан, ал эми 1-сентябрда Брюсселде Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Грузин президентинин администрациясы билдиргендей, Зурабишвили өлкөсүнө Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын алуу маселесин талкуулоо үчүн европалык лидерлер менен жолугууда

Грузия парламентиндеги 150 орундун 84үн "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат.

Саломе Зурабишвили Грузиянын башына 2018-жылдын соңунда келген. Бийликтеги партия менен президенттин алакасы Орусия Украинага согуш ачканы кескин начарлап кеткен. Зурабишвилинин президенттик мөөнөтү 2024-жылдын күзүндө аяктайт.

XS
SM
MD
LG