2-сентябрдын аба ырайы

Иллюстрациялык сүрөт.

2-сентябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,

Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 24…26 градус жогору болот.

Дагы караңыз

Бишкекте окуучулар жыл сайын дээрлик тогуз миңге көбөйүүдө Орусия бийлиги дрондордун жаңы чабуулу тууралуу кабарладыЖаңы окуу жылы башталып, 150 миң окуучу биринчи класска барды“Тунгуч” театры “Ромео менен Жульеттаны” тартуулайт