Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:37

Жаңы окуу жылы башталып, 150 миң окуучу биринчи класска барды


Бишкек шаарында 20 миңден ашуун бала быйыл 1-класска барды.
Бишкек шаарында 20 миңден ашуун бала быйыл 1-класска барды.

Кыргызстанда бүгүн 1-сентябрда жаңы окуу жылы башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, быйыл 150 миңдей бала мектеп босогосун жаңыдан аттап, 1-класска барды, алардын 20 миңден ашууну Бишкек шаарында.

Өлкө боюнча 42 жаңы мектеп пайдаланууга берилип, төрт спорттук зал ачылды.

Жаңы окуу жылынын алгачкы күнү Кыргызстандын мектептеринде окуучуларга билим, мекен, достук, үй-бүлө, кесип тандоо темалары менен катар санариптештирүү тууралуу сабактар өткөрүлдү.

Өлкөдө 2350 мектепте (анын 103ү Бишкекте) 1,5 миллиондой окуучу билим алууда. Мугалимдердин саны 74 миңдин тегерегинде.

Күзгү эс алууда окуучулар 6-13-ноябрда болушат, кышкы каникул 1-14-январь күндөргө туура келет, ал эми жазгы каникул 21-31-мартта болот.Биринчи класстын окуучулары үчүн жазгы каникул бир жумага узартылат.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 246 мектеп авариялык абалда турганын быйыл 26-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттарга маалымат берип жатып, өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирген.

Жакында өлкөдө “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзам иштей баштады. Анын авторлору негизги жаңылык катары бала бакча ачуу жеңилдеп, мектептерди текшерүү жана мугалимдердин кагаз толтурмай түйшүгү азая турганын, ваучер системасы кирерин, мектептеги аккредитация жоюларын, бюджеттик акча баланын санына жараша бөлүнүшү керек болорун, ошондо сапат жогорулай турганын айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG