Садыр Жапаров Ороктогу стадион өкмөттүн акчасына салынарын айтты

Орок айылына салына турчу стадиондун орду. 30-август, 2023-жыл.


Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Бишкектеги испаниялык "Барселона" футбол клубунун ардагерлери катышкан мелдеш, Орок айылындагы стадиондун курулушу тууралуу суроолорго жооп берди. Анда Бишкектен четиндеги жаңы стадионду өкмөт өзү курарын билдирди.

"Ал стадион толугу менен мамлекеттин акчасына курулат. 35 миң көрүүчүгө ылайык болот. Эл аралык мелдештерди өткөргөнгө ылайыкталып жатат. Дүйнөлүк стандартка жооп берет",-деди Жапаров.

Президент "Барселонанын" мурдагы оюнчулары менен мелдеште оюнга толук катышпай чыгып кеткен себебин анын ордунда жаш футболчуну ойнотуу ниети менен түшүндүрдү.

"Эки таймды тең аягына чейин ойносом деле чарчамак эмесмин. Чыгып кеткенимдин себеби мени Пуйолго кайтартып коюшуптур. Оюнду байкасаңар жанымдан чыкпай койду. Анысы аз келгенсип чабуулга өтөөрдө билектен бекем кармап алды. "Ээй жигит кармабай ойно" деп күлүп кайрылсам, "sorry-sorry" (кечиресиз) деп күлүп коёт. Кайра эле кармап алат. Кыскасы Барселонанын балдары жолдоштук беттешүүдө эмес, кадимки чемпионаттарда ойноп жаткандай аябай чоң жоопкерчилик менен ойноп жатышты. Анан элестетиңиз футболдун легендасы болсо, менден 10 жаш кичүү жаш бала болсо мени ойнотмок беле? Ошол үчүн менин ордума жаш балдар кирсин, бир аз да болсо командага күч кошот деген ой менен эле чыгып кеттик. Бирок баары бир Барселона деген Барселона да. 3:0 менен утулдук",-деди президент.

30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо испаниялык "Барселона” футболдук клубунун мурдагы оюнчулары Борбор Азиянын ардагер футболчулары менен ойноду. Оюнда 3:0 эсебинде "Барселонанын" оюнчулары утту.

Анын алдында, 29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылган.

30-августта Садыр Жапаров "Барселона" футбол клубунун академиясынын Бишкек шаарындагы курулушуна капсула салган. Иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келген.

Дагы караңыз

Көкбөрүдөгү чыр: бир киши ооруканага жаткырылды, алты адам жабыркадыБУУ дан келишимин жандантуу боюнча Москвага сунуштарын жөнөттүТойтуков Миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлү болуп дайындалды "Унаа" мекемеси машиналарды онлайн каттаган пилоттук долбоорун баштайт Энтони Блинкен Кыргызстанды эгемендик күнү менен куттуктады