Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:27

"Унаа" мекемеси машиналарды онлайн каттаган пилоттук долбоорун баштайт


Бишкектеги машина базар, архивдик сүрөт.
Бишкектеги машина базар, архивдик сүрөт.

Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу "Унаа" мекемеси Санарип өнүктүрүү министрлиги менен бирге эртең, 1-сентябрдан тартып машиналарды онлайн кайра каттаган бир жылдык пилоттук долбоорун баштайт.

Буга чейин аталган мекеме жол эрежесин бузганы үчүн айып пулу, анын тууму жана салыктан карызы жок учурда гана онлайн каттоого мүмкүн экенин билдирген.

"Онлайн кайра каттоо үчүн машинанын ээси машинасын визуалдык кароодон өткөрүп, "Унаа" мекемесинин бөлүмдөрүндө сүрөткө тартып алышы керек. Машинанын кайра каттоодон өткөнү тууралуу маалымат электрондук базада 30 күн сакталат. Бул убакыт аралыгында менчик ээси Кыргызстандын банктарынын жана "Түндүк" порталынын тиркемелеринде электрондук кол тамга аркылуу онлайн кайра каттата алат",-деп жазылган маалыматта.

Никеси бар жаран машинасын кайра каттоо үчүн түгөйүнүн дагы макулдугу керек болгондуктан ал дагы онлайн идентификациядан өтүшү керек.

2018-жылдын аягында Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти менен Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борбору жоюлуп, анын ордуна "Унаа" мекемесин түзгөн.

Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын аягында "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, "Унаа" мекемеси ИИМдин карамагына өткөн.

Буга чейин "Унаанын" машиналарды каттоо, кайра каттоо электрондук тутуму бир канча жолу үзгүлтүккө учураган.

XS
SM
MD
LG