Москва Пхеньян менен алакасын тереңдетерин билдирди

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Орусиянын президенти Владимир Путин Владивостоктогу жолугушууда. 25-апрель, 2019-жыл. Архивдеги сүрөт.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 31-августта билдиргендей, Москва Пхеньян менен алакасын тереңдете берет. Ошол эле маалда Песков Путин менен Кимдин кат алышуусу тууралуу маалыматты ырастаган жок.

Буга чейин Вашингтон 30-августта Орусия менен Түндүк Кореянын ортосунда курал-жабдык боюнча сүйлөшүүлөр жигердүү жүрүп жатышына тынчсыздануусун билдирип, Владимир Путин менен Ким Чен Ын кызматташууну кеңейтүү тууралуу кат алышканын маалымдаган.

«Москва менен Пхеньян жакшы, сый мамилени сактап келишет. Биз мындай алаканы өнүктүрүүгө дилгирбиз. Байланыштар ар кайсы деңгээлде жүрүп жатат»-деген Песков Түндүк Кореяны «абдан маанилүү коңшу» деп атады.

АКШ бийлиги буга чейин Түндүк Корея Орусияга Украиндагы согушта колдонуу үчүн курал-жабдык бериши мүмкүн экенин эскерткен.

Батыштын санкцияларына кабылып, обочодо калган Москва менен Пхеньян Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкан 2022-жылдын башынан бери байланыштарын бекемдөө аракетин көрүп келет.

Дагы караңыз

"Вагнердин" негиздөөчүлөрүнүн бири Уткиндин сөөгү жерге берилдиHRW: Кытайда "адамзатка каршы кылмыш" уланууда80-Венеция кинофестивалы башталдыБританиянын коргоо министри Бен Уоллес кызматтан кетти