Украинанын Запорожье облусунда айыгышкан салгылаш күч алды

Запорожье облусунда орус күчтөрүнө каршы контрчабуулга катышып жаткан украин жоокери чуркап баратат. 10-август, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.

Украинанын түштүк-чыгышындагы Запорожье облусунда айыгышкан салгылаш күч алды. Бул тууралуу украин аскерлери билдирди.

Алар Донецк облусундагы Бахмуттун жанындагы кармашта орус армиясы чоң жоготууга учураганын кошумчалашты.

Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги 31-августта билдиргендей, абадан коргонуу күчтөрү Москваны карай багытталган украин дронун атып түшүрдү. Орус баш калаасынын мэри Сергей Собянин маалыматты ырастап, жабыркагандар жок экенин Телеграм аркылуу билдирди.

Москвадагы Внуково жана Домодедово аэропортту түнү убактылуу жабылып, 31-августта эртең менен кайра ишин жандантты.

30-августта Украинанын Донецк облусунда ракеталык аткылоонун алдында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчылары аман-эсен экени, автоунаа олуттуу жабыркаганы кабарланды.

Дагы караңыз

Бишкек: Жаңы автобустар эки күн бекер иштейт, үч жаңы каттам ачылды HRW: Кытайда "адамзатка каршы кылмыш" улануудаЙоханнесбургдагы өрт 60тан ашык адамдын өмүрүн алдыГалкин Казакстанда концертине тыюу салынганын билдирди