Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

Галкин Казакстанда концертине тыюу салынганын билдирди


Орусиялык куудул, алып баруучу Максим Галкин. 2019-жыл.
Орусиялык куудул, алып баруучу Максим Галкин. 2019-жыл.

Орусиялык куудул жана алып баруучу Максим Галкин Казакстандын бийлиги анын концерттерине тыюу салып жатканын билдирди. Инстаграмга жарыялаган видеосунда Алматы менен Астана шаарларында концерттерине "мамлекеттик деңгээлде тыюу салынганын" айтты.

Галкин кошумчалагандай, анын командасынын бир нече айдан бери концерт уюштуруу аракети жергиликтүү аткаминерлердин бут тосуусуна туш болду.

"Кандайдыр бир ойлонуп табылган себептер, көшөгө артындагы чектөөлөр. Концерттеримден коркуп жатышса, демек Казакстандын бийлиги үчүн мен кандайдыр бир коркунуч туудуруп жаткан окшойм. Азыркы учурда концерттеримди өткөрүүгө расмий эмес тыюу салуу бар", - деди ал.

Астана мэриясынын маданият башкармалыгы "Галкиндин концертинин даталары Мугалимдер күнүнө туш келип калгандыктан башка күнгө жылдыруу сунушу берилгенин, эгер дагы кайрылуулар болсо карап көрүүгө даяр" экенин "Тенгриньюс" агенттигине билдирди.

Максим Галкин Москванын Украинага согуш ачканына каршы пикирин билдирип келет. Былтыр ал Орусиянын аймагынан чыгып кеткен. Федералдык каналдар Галкин менен кызматташууну токтотушкан. Көп өтпөй ал "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизилген. Учурда Израилде жашап жаткан Галкин чет жактардагы айрым концерттеринен түшкөн каражатты Украинага жардам катары которуп келет.

Буга чейин Казакстанда коомдун талабы менен согушту колдогон орусиялык Полина Гагарина, Григорий Лепс, Лариса Долина сыяктуу ырчылардын да концерттерине тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG