80-Венеция кинофестивалы башталды

80-Венеция кинофестивалынын ачылыш аземи. Сахнада калыстар тобунун төрагасы, режиссер Дамьен Шазель жана салтанаттын алып баруучусу, италиялык актриса Катерина Муро. 30-август, 2023-жыл.

Венецияда мааракелик 80-кинофестиваль башталды. 30-августтун кечинде өткөн иш-чаранын ачылыш салтанатында "Түнкү портье" фильминин автору, 90 жаштагы Лилиана Каваниге дүйнөлүк киноискусствого кошкон салымы үчүн "Алтын арстан" сыйлыгы ыйгарылды.

Ошол эле кечте Каванинин "Убакыт тартиби" аталышындагы жаңы тасмасы көрсөтүлдү. Адамзаттын "акыр заман" тууралуу санаркоолору чагылдырылган тасмада башкы ролдордун бирин орусиялык актриса Ксения Раппопорт ойногон.

Бул жолу эл аралык кинофестивалдын калыстар тобун "Ла-Ла Лэнд" фильминин режиссеру Дамьен Шазелл жетектейт.

Быйыл башкы сыйлык үчүн ат салышкандар арасында Люк Бессон, София Коппола жана Дэвид Финчер баштаган атактуу режиссерлор бар.

Ал эми Вуди Аллен менен Роман Поланскинин тасмалары сынактан тышкары программада көрсөтүлөт.

Бул жолу Голливуд жылдыздарынын көбү үч айдан бери созулуп жаткан Актерлер гильдиясынын иш таштоосунан улам фестивалга катышуудан баш тартышты. Бул уюмдун мүчөлөрүнө иштөөгө жана фильмдерди жайылтуу боюнча иш-чараларга катышууга тыюу салынган.

Венеция кинофестивалы Лидо аралында өтөт жана ал 9-сентябрда жыйынтыкталат.

Дагы караңыз

HRW: Кытайда "адамзатка каршы кылмыш" улануудаЙоханнесбургдагы өрт 60тан ашык адамдын өмүрүн алдыГалкин Казакстанда концертине тыюу салынганын билдирди