УКМК Таласта 5,5 гектар жер менчикке мыйзамсыз өтүп кеткенин билдирди

Талас району.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Таластагы Нуржанов айыл аймагына караштуу трансформациялана элек 5,5 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчикке өтүп кеткенин 30-августта билдирди. Маалыматка караганда, бул аракеттен мамлекетке 50 млн сом зыян келтирилген.

“Талас районунун архитектурасынын, кадастр мамлекеттик мекемесинин, ошондой эле аталган райондун Нуржанов айыл аймагынын кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп алып, 2011-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде трансформацияланбаган айыл чарбанын 5,5 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке беришкени аныкталды. Көрсөтүлгөн жер тилкеси 20 жарандын жеке менчигине өтүп, анын 17си буга чейин турак жайларды куруп алышканы маалым болду”.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, бир жер тилке 1,5 миллион сомдон бааланат.

Буга чейин УКМК Талас райондук шаар куруу башкармалыгынын бөлүм башчысын, Кадастр мамлекеттик мекемесинин Талас райондук бөлүмүнүн кызматкерин жана Нуржанов айыл өкмөтүнүн жер адисин айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз менчикке берип жиберген деген шек менен кармаган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш ишин козгогон. (MKt)

Дагы караңыз

Маданият министрлиги Кыргызстанда ТикТоктун колдонулушуна тыюу салды "Аң-сезимибиз кулчулуктан арыла элек"Адистерди Европада ишке орноштуруу боюнча меморандумга кол коюлду