Секелекти зордуктоого айыпталган адам жети жылга кесилди

Чүй облусунун Сокулук райондук соту тогуз жаштагы кызга ыдык көрсөтүүгө байланыштуу кылмыш ишин карап, өкүм чыгарды.

Сот өкүмүнө ылайык, секелекке тийишти деп айыпталган адам Кылмыш-жаза кодексинин 34-158-беренелери ("Уланып жаткан кылмыш", "ыплас аракеттерге баруу") боюнча күнөөлүү деп табылып, жети жылга кесилди. Ал жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөшү керек.

Жабыркаган тарапка кенемте катары айыпталуудан 132166,96 сомду материалдык зыян үчүн, 50 миң сомду моралдык зыян үчүн өндүрүү каралган.

Ушул жылдын 6-февралында Сокулук милициясына Т.Н. аттуу жаран кайрылып, 2013-жылы туулган кызына 2022-жылдын декабрь айынан тарта кошунасы сексуалдык ыплас аракеттерди жасаганын айтып, чара көрүүнү суранган.

Аталган факты 158-берене (ыплас иш-аракеттер) менен каттоого алынып, кылмыш иши ачылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү башталган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда бир жылда "зордуктоо" беренеси менен 250дөн ашуун иш козголуп, анын 17си гана сотко жеткен. “Жашы жете электерге карата зомбулук аракеттер” беренеси боюнча 54 факты катталган. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусиянын Челябинск облусунда атайын кызматтын Ми-8 тик учагы кыйрады Бразилиялык футболчу Роналдиньо Кыргызстанга келбей калдыПакистандын экс-премьери Имран Хандын өкүмү убактылуу токтотулдуОтунбаева: Ооганстан дүйнөдөгү экологиялык талкууларга да чакырылбай калды