Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:08

Орусиянын Челябинск облусунда атайын кызматтын Ми-8 тик учагы кыйрады


Ми-8 тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт
Ми-8 тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Челябинск облусунда Ми-8 аскердик тик учагы кырсыкка кабылып, үч киши мерт болду. Орусиялык маалымат агенттиктери чукул кызматтарга таянып билдиргендей, окуя Соснов районунда болгон.

Жергиликтүү бийлик тик учак Борбордук коопсуздук кызматына (ФСБ) таандык экенин кабарлашты.

“База” Телеграм-каналы кырсыкка учураган бортто бир инструктор менен эки курсант болгонун, алар учуп-конууга машыгып жатканын маалымдады.

Тик учактын кулашына эмне алып келгени белгисиз. Алдын ала маалыматка ылайык, техниканын бузулушу себеп болгон. Дагы бир версияда начар аба ырайынын шартында аппарат электр зымдарына илинип калган болушу мүмкүн деп айтылууда.

XS
SM
MD
LG