Бразилиялык футболчу Роналдиньо Кыргызстанга келбей калды

Бразилиялык футболчу Роналдиньо Бишкекте өтө турган Барселонанын ардагер оюнчуларынын беттешине келбей калды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарында ачылган Барселонанын футбол академиясынын демилгечиси Айбек Алимбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, спортчу Кыргызстанга келүүгө убада берген, бирок соңку учурда жеке иштерине байланыштуу келе албай калган.

29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясынын ачылышы өттү. Бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келген.

Жергиликтүү маалымат кааражаттары Роналдинього сот иштерине байланыштуу Бразилиядан чыгууга тыюу салынганын жазышкан.

29-августта футбол академиясынын ачылышына катышкан президент Садыр Жапаров "Барселонанын президенти жана өкүлдөрү менен жолугушуп, алар жаштардын футболго кызыгуусун арттырып, шык берип келерин билдирди.

Коноктор футболдук академиянын ачылышына катышып, ушул эле күнү Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда көргөзмө оюн өткөрөт.

30-августта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселонанын” мурдагы оюнчулары Азиянын ардагер футболчулары менен беттешет.

Президент билдиргендей, “Барселона” клубу Бишкек шаарына өз каражатына футбол академиясын ачат.

"Барселона" - 1899-жылы негизделген каталондук футбол клубу. Ал Испания боюнча 77, эл аралык жана европалык 20 титулдун ээси.

“Барселона” академиясы жана клубдун Борбор Азиядагы башка франшизалары JalGroup Asia компаниясына таандык болот. (GT)

Дагы караңыз

Пакистандын экс-премьери Имран Хандын өкүмү убактылуу токтотулдуОтунбаева: Ооганстан дүйнөдөгү экологиялык талкууларга да чакырылбай калдыWSJ: Украинанын коопсуздугуна кепилдик жөнүндө макулдашуу 2024-жылы түзүлүшү мүмкүнӨмүрбек Бакиров өзүн Ош облустук милициясына алып баратышканын кабарлады