Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

Өмүрбек Бакиров өзүн Ош облустук милициясына алып баратышканын кабарлады


Өмүрбек Бакиров.
Өмүрбек Бакиров.

Ошто Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировду милиция кармап кетти. Бул маалыматты ал "Азаттыкка" өзү ырастап, учурда аны облустук милицияга алып баратышканын билдирди. Кармалган себеби тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

Милиция бул боюнча комментарий бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-августта Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.

Жогорку Сот 18-августта Өмүрбек Бакиров шайланып келген Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Бакиров буга байланыштуу “Азаттыкка” комментарий берип, чечимди "мыйзамсыз" деп атаган.

2021-жылы ноябрда аралаш системадагы парламенттик шайлоодо бул округдан жети талапкер ат салышкан. Алардын бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын аягында сотко Бакировду добуш сатып алууга айыптап кайрылган жана анын мандатын жокко чыгаруу тууралуу арыз жазган.

Бакиров анда “Азаттыкка” комментарий берип жатып, муну Кемпир-Абад маселесинде мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Өмүрбек Бакиров парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарылып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берген 19 депутаттын катарында болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG