Жалал-Абадда Жапаровдун атасынын аты коюлган ислам борбору ачылды

Жалал-Абаддагы Садыр Жапаровдун атасынын аты коюлган жаңы Ислам маданий борбору.

Президент Садыр Жапаров 29-августта Жалал-Абад шаарында анын атасы Нуркожо Мусталый уулунун аты коюлган ислам маданий борборунун ачылышына катышты.

Анын басма сөз кызматы бул имаратты курууга каражат кайдан алынганын тактаган жок.

"Президент шаарда мусулмандардын намаз окуй турган жаңы жери пайда болгонун белгиледи. Бул ислам борбору элдин диний сабаттуулугун жогорулатуу максатында жакшы ниет менен курулган. Имараттын биринчи жана экинчи кабатында намаз окуй турган жайлар бар, жалпысынан 450 кишиге ылайыкталган. Президент бул борбордо намаз окуду. Жер төлөдө имамдардын билим алышына керектүү бардык шарттары бар үч бөлмө жана чет элдик коноктор үчүн жатакана да салынган. Объектинин курулушу былтыр августта башталып, бир жылдын ичинде толугу менен бүткөрүлгөн",- деп жазылган маалыматта.

Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо Мусталый уулу 2017-жылы 84 жаш курагында каза тапкан.

Анын үй-бүлөсү 1930-жылдары кулакка тартыларда Кытайга кетип, 30 жылдан кийин кайра мекенине кайтып келгени айтылган.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Жалал-Абад экинчи экономикалык борбор болорун айтты Казакстанда орус тилин окутуу азайганын айткан консул иштен кетти Футболдогу жаңжал: Лиус Рубиалестин апасы ачкачылык жарыялады Улуттук банк учурда 50 тоннадай алтын сакталып турганын билдирди УКМК жарандарды радикал диний агымдардан оолак болууга чакырды Түндүк-түштүк кошумча жолундагы "Көк-Арт" тоннели казылып бүттү Министрлик Киров суу сактагычында абал өзгөрө электигин кабарладыСадыр Жапаров каралбай калган пансионаттар ижарага берилерин айтты