Венгрияда манасчы Саякбай Каралаевдин айкели ачылды

Саякбай Каралаевдин Венгрияда тургузулган айкели. 2023. Будапешт.

Венгриянын Будапешт шаарына залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айкели тургузулду. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Улуу манасчы, миллиондогон эпостун саптарын жүрөгүнө батырып, дүйнөгө тааныткан ал - Саякбай Каралаев! Саякбай атабызга Европанын борборунда айкел тургузулду, болгондо да тамыры, тарыхы, кезегинде заманы бир Мажарстанда (Венгрия) тургузулду", - деп жазды ал.

Анын айтымында, Саякбай Каралаевдин эстелигин тургузуу демилгеси буга чейин Венгриянын парламентинин төрага орун басары Шандор Лежак менен талкууланган.

Айкелди белгилүү мажар айкелчиси Дьёрдьи Лантош жасаган.

Венгрияда Саякбай Каралаевдин айкели ачылды, 2023

Айкелдин ачылыш аземине Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, элчилер, илимий интелегенция, жергиликтүү аймактын тургундары, манасчы, дастанчылар катышкан. (КЕ)

Дагы караңыз

Казакстанда орус тилин окутуу азайганын айткан консул иштен кетти АКШнын экс-президенти Трамптын соту келерки жылы мартта башталатФутболдогу жаңжал: Лиус Рубиалестин апасы ачкачылык жарыялады УКМК жарандарды радикал диний агымдардан оолак болууга чакырды