Садыр Жапаров Жалал-Абад экинчи экономикалык борбор болорун айтты

Жалал-Абад шаарындагы Түмөнбай Байзаков атындагы көчө.

Президент Садыр Жапаров 29-августта Жалал-Абад шаарында акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун аты ыйгарылган, оңдолуп-түзөтүлгөн проспектинин ачылышына катышты. Анда маркум акынга көзү өткөндөн кийин "Эмгек баатыры" артыкчылык даражасын ыйгарганын билдирди.

Жапаров өлкөдөгү реформанын алкагында быйыл Жалал-Абад шаарын экинчи экономикалык борборго айлантуу тууралуу атайын план бекитилип, ага 2 миллиард сом бөлүнгөнүн маалымдады.

"Өлкөбүздөгү чоң шаарларды өнүктүрүүгө мындай каражат биринчи жолу берилип жатат. Бул суммага шаарда буга чейин болбогон ири курулуштар жүрүп, социалдык-экономикалык багыттагы ондон ашык долбоорлор ишке ашырылууда. Азыр биз турган мына ушул көчө да ошол каражаттын эсебинен жаңыланды. Учурда шаардын көптөгөн ички жолдору оңдолуп жатат. Долбоордо бир катар өндүрүштүк ишканалар жана социалдык объектилерди куруу да каралган. Быйыл Жалал-Абад шаарында курулуш жылы болду десем жаңылышпаймын. Муну баары тургундарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багытталат", - деди президент.

Ал ошондой эле Жалал-Абаддын башкы планы өзгөрүп, аймагы кеңейтилерин, шаардан түрмө жана аэропорт сыртка чыгарылып, ордуна жаңы имараттар салынарын белгиледи.

Былтыр августта Жалал-Абадда Түмөнбай Байзааков атындагы парк ачылган.

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Түмөнбай Байзаков 1923-жылы Сузак районунун Барпы айылында туулуп, 1992-жылы дүйнөдөн өткөн.

Дагы караңыз

Казакстанда орус тилин окутуу азайганын айткан консул иштен кетти АКШнын экс-президенти Трамптын соту келерки жылы мартта башталатФутболдогу жаңжал: Лиус Рубиалестин апасы ачкачылык жарыялады Улуттук банк учурда 50 тоннадай алтын сакталып турганын билдирди УКМК жарандарды радикал диний агымдардан оолак болууга чакырды Түндүк-түштүк кошумча жолундагы "Көк-Арт" тоннели казылып бүттү