Министрлик Киров суу сактагычында абал өзгөрө электигин кабарлады

Киров суу сактагычындагы азыркы абал. 24-август, 2023-жыл

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Киров суу сактагычында абал дагы деле курч бойдон турганын билдирди. Мекеме Фейсбуктагы баракчасына былтыр суунун агып кирген көлөмү секундасына 13,7 куб метрге жеткен болсо учурда 0,7 куб метрден гана суу жатканын, Талас дарыясынын бассейнинде суу аздыгын маалымдады.

Буга чейин Айыл чарба министрлиги Киров суу сактагычында 22-августка карата 14,5 млн. куб метр суу калганын, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 92,1 млн. куб метрге аз экенин билдирген.

Маалыматка ылайык, Киров суу сактагычынан 21-апрелден тарта суу бериле баштаган. Суу сактагычтын көлөмү 445,6 млн. куб метр жана суу Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кол коюлган суу бөлүштүрүү боюнча графикке жана протоколго ылайык берилген. Кыргызстан Казакстан алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарган.

Кыргызстан август айынын башында Киров суу сактагычынан Казакстанга суу берүүнү убактылуу токтоткон. Суу тартыштыгынан улам коңшу мамлекеттин Жамбыл облусуна караштуу алты райондо өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Дагы караңыз

Түндүк-түштүк кошумча жолундагы "Көк-Арт" тоннели казылып бүттү УКМК жарандарды радикал диний агымдардан оолак болууга чакырды Улуттук банк учурда 50 тоннадай алтын сакталып турганын билдирди Футболдогу жаңжал: Лиус Рубиалестин апасы ачкачылык жарыялады АКШнын экс-президенти Трамптын соту келерки жылы мартта башталатСадыр Жапаров каралбай калган пансионаттар ижарага берилерин айттыКазакстанда орус тилин окутуу азайганын айткан консул иштен кетти