Караколдо мурдагы жубайлардын өлүмү иликтенүүдө

Ысык-Көл облусунда милиция төрт ай мурда ажырашып кеткен мурдагы жубайлардын өлүмүн иликтеп жатат. Облустук милициядан “Азаттыкка” 28-августта кабарлашкандай, материалдар каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 23-августта Каракол шаарында болгон. 42 жаштагы жергиликтүү тургундун сөөгү сарайда асылган абалда, ал эми 41 жаштагы келиндин сөөгү үйдүн ичинен табылган. Алар мурда түгөйлөр болгону, быйыл апрель айында сот аркылуу ажырашып, чогуу жашабай жүрүшкөнү аныкталды.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап жаткан маалыматтарга караганда, аялды мурдагы күйөөсү муунтуп, андан соң өзү асынып өлгөн. Алардын артында беш баласы калды.

Кыз-келиндердин коопсуздугу Кыргызстанда кооптуу маселелердин бирине айланып келатканын укук коргоочулар айтып жатышат. Былтыр Караколдо бир киши аялын элдин көзүнчө бычактап салган. Өткөн аптада Оштун Кара-Суу районунда 33 жаштагы келин күйөөсүнөн бычак жеп, курсактагы беш айлык баласынан айрылган. (AsK)

Дагы караңыз

Аба ырайы: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүнОрусия: "Сахарово" борборунда 200дөн ашык кыргыз жараны кармалып туратКара-Тегиндеги өзгөргөн жер-суу аталыштары: жер тагдыры – эл тагдырыNYT: Украина менен АКШнын Купянск боюнча пикирлери эки ача чыкты"Биз кыялдангандай өлкө кура албай жатабыз"