Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

NYT: Украина менен АКШнын Купянск боюнча пикирлери эки ача чыкты


Купянск багытындагы салгылаш. 19-июль, 2023-жыл.
Купянск багытындагы салгылаш. 19-июль, 2023-жыл.

Украин аскер командачылыгынын Харьков облусунун Купянск багытындагы коргонууну бекемдөө чечими америкалык аскердик эксперттерине карама-каршы келет. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазды.

Орус армиясынын чабуулдарынан улам Купянск багытында коргонууну күчтөндүрүү керектигин 25-августта Украинанын кургактагы күчтөрүнүн кол башчысы, генерал Александр Сырский билдирди.

Басылма жазгандай, АКШнын Коргоо министрлиги тескерисинче украин армиясы өз күчтөрүн бир багытка салып, душмандын коргонуусун жырып өтүшү керек деп эсептейт.

Кеп Запорожье облусундагы украин армиясынын контрчабуулу тууралуу болуп жатышы мүмкүн экени боолголонот.

Купянск шаарын орус армиясы согуштун алгачкы айларында эле басып алган. Украин күчтөрү былтыр сентябрда аны кайра өз карамагына алган. NYT белгилегендей, Купянск шаарын жоготуу Киев үчүн олуттуу сокку болуп калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG