"Медуза": Кремль шайлоодогу Путиндин ыктымал атаандаштарын аныктады

Орусиянын президенти Владимир Путин Москвадагы маалымат жыйында. 19-декабрь, 2013-жыл.

Кремль 2024-жылдагы президенттик шайлоодо Владимир Путиндин "атаандаштары" кимдер болорун аныктады. Мында биринчи кезекте ыктымал талапкерлердин жаш курагына көңүл бурулган. Бул тууралуу "Медуза" басылмасы президенттик администрацияга жакын булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, талапкерлердин жаш курагы элүүгө чейин болсо, орусиялыктар 70 жаштагы Путин менен салыштырып, ойлорун кескин өзгөртүшү мүмкүн.

Кремль Путинден башка КПРФ, ЛДПР жана "Жаңы адамдар" партиясынан үч талапкер ат салышарын боолгоп жатат. Бийлик коммунистердин атынан Геннадий Зюгановду, либерал-демократтардан Леонид Слуцкийди, ал эми "Жаңы адамдардан" ишкер Алексей Нечаевди талапкер катары көрөт.

Орусияда президенттик шайлоо 2024-жылдын 17-мартында өтөрү күтүлүп жатат.

Владимир Путин бешинчи мөөнөткө ат салышуу ниетин расмий жарыялай элек.

Дагы караңыз

NYT: Украина менен АКШнын Купянск боюнча пикирлери эки ача чыктыБУУ "Ислам мамлекети" Борбор Азияга коркунуч туудурушу мүмкүн экенин эскерттиСадыр Жапаров “Барселона” академиясы жөнүндө иликтөөгө жооп бердиКызыл-Кыя: жолбун ит капкан сегиз адамдын алтоо ооруканадан чыкты