Румыниядагы жарылууда бир адам өлүп, ондогон киши жараат алды

Жарылуу болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат.

Румынияда газ куюучу станциядагы жарылууларда бир адам өлүп, ондогон киши жараат алды. Окуя борбор калаа Бухаресттен 30 чакырым алыстагы Креведия конушунда 26-августта кечинде болду.

"Азаттык" радиосунун румын кызматы кабарлагандай, жараат алгандардын саны 60ка жакын. Көбү куткаруучулар. Алар өрттү өчүрүү маалында күйүк алышкан.

Биринчи жарылуу кызматкерлер жаңы цистернаны станцияга туташтырганда болгон. Артынан өрт тутанып, дагы эки цистернаны каптаган. Эки сааттай убакыттан кийин экинчи жарылуу болгон.

Румынияда жарандык коргонуунун европалык механизми ишке киргизилип, оор абалдагы эки өрт өчүрүүчү аскердик учактар менен Брюсселге жөнөтүлдү. Дагы эки жаран Италияга жеткирилди. Австрия, Норвегия, Германия жана Болгария Бухарестке жардам сунуштады.

Жарылуу болгон жерден 3000ден ашуун тургун эвакуацияланды. Бухарест-Плоешти трассасында кыймыл токтотулду.

Окуянын себебин Башкы прокуратура иликтеп жатат.

Дагы караңыз

Райымбек Матраимов муфтияттын жаңы имаратын ачуу аземине катышты Тоңдогу Көк-Мойнок-1 айылында селдин кесепетин жоюу улануудаЫсык-Көлдүн түбүнөн 13 тоннага жакын таштанды жыйналды Британ чалгын кызматы: Кара деңизде украин-орус күчтөрү салгылашуудаОрусиянын Курск шаарындагы көп кабаттуу үйгө дрон кулады