Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:47

Райымбек Матраимов муфтияттын жаңы имаратын ачуу аземине катышты


Райымбек Матраимовдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган сүрөт.
Райымбек Матраимовдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган сүрөт.

“Азаттыктын” коррупция тууралуу иликтөөлөрүндө аты аталган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 27-августта Бишкекте муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, Кыргызстандын жана Казакстандын муфтийлери Замир Ракиев менен Ноорузбай Таган уулу баштаган адамдар менен түшкөн сүрөтүн жана куттуктоо сөзүн жарыялады.

Буга байланыштуу муфтият азырынча комментарий бере элек.

Ушул жылдын апрель айында муфтият Матраимовго ыраазычылык кат берген. Туура бир жыл мурда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы имаратын Матраимов башында турган "Исмаил ата" фонду куруп жатканы ачыкка чыккан. Анын капсула салуу аземине Замир Ракиев, Райымбек Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов баштаган адамдар катышкан.

2021-жылы Улуттук коопсуздук комитети Матраимовго коррупцияга байланыштуу иш козгоп, ал бажыдагы башка кызмат адамдары менен 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзгөнүн билдирген.

Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке эки миллиард сом төгүп берген.

2019-жылы “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү OCCRP жана “Клооп" менен бирге жасаган “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген иликтөөдө журналисттер тапкан фактыларга нааразы болгон кыргызстандыктар көчөгө чыккан. Иликтөөдө Матраимов Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырга кантип жардам бергенинин бети ачылган.

XS
SM
MD
LG