Ысык-Көлдүн түбүнөн 13 тоннага жакын таштанды жыйналды

Архивдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдү акыр-чикирден арылтуу иштери уланып жатканын билдирди. Анда март айынан бери мекеменин суучулдары көлдүн түбүнөн 13 тоннага жакын таштанды жана 98 миң метр балык уулоочу торду алып чыкканын кабарлады.

"Ушул тушта Кара-Ой, Чок-Тал айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда. 26-августка карата Ысык-Көлдүн 215 миң гектардан ашык аянт тазаланды",-деп жазылган маалыматта.

Ушул жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров көлдүн булганып жатканын, торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет.

Дагы караңыз

Райымбек Матраимов муфтияттын жаңы имаратын ачуу аземине катышты RFА: Шинжаңда казак тектүү жаран куран окуганы үчүн камалдыОрус жарандыгын алгандар аскерге барбаса жарандыктан ажырашы мүмкүнПрезидент Жапаров Конев менен уулу кандайча тааныш экенин айтты Садыр Жапаров “Барселона” академиясы жөнүндө иликтөөгө жооп бердиБШК Өмүрбек Бакировдун депутаттык каттоосун, күбөлүгүн жокко чыгарды Чукул кабар: Нарында үшүк жүрөт, тоолуу аймактарда жаан карга айланат