Ноокатта эки жаран тамак-аштан ууланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ноокат районунун Көк-Жар айылынын тургундары 62 жана 57 жаштагы жубайлар тамак-аштан ууланды. Аларга акыркы лабораториялык анализдин жыйынтыгы менен ботулизм диагнозу коюлганын Ноокат район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Кудрет Маматаиров 24-августта "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, бейтаптар 18-августта үй шартында даярдалган консерваланган өрүк ширесин ичкенден кийин өзүн жаман сезип, жүрөгү айланган.

"21-августта Ноокат райондук жалпы дарыгердик практикалык борборуна жаткырылган. Бейтаптарга бардык медициналык жардам көрсөтүлүп, алдына ала ботулизм диагнозу коюлган. Учурда абалы туруктуу", - деп билдирди Маматаиров.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кофе-ресторандарда, үй шардында даярдалган тамак-ашка жапырт ууланган учурлар болгон. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жарандарды мындай учурлардын алдын алууга чакырып келет.

Дагы караңыз

ТИМде орус абактарынан согушка тартылган жарандар боюнча так маалымат жокУкраин күчтөрү Запорожьедеги бир айылды бошотконун билдирдиРосавиация "Вагнердин" башчысы Пригожин түшкөн учак кыйраганын билдирди