Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы асма аркан жолдо калган балдарды куткаруу операциясы жүрүүдө. Азырынча эки бала аман-эсен эвакуацияланды.
Расмий бийликтин маалыматына караганда, сегиз кишиден турган топ мектепке баратканда аркандардын бири үзүлүп кеткен. Окуучулар 274 метр бийиктикте калып калышкан.
Пакистандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Анваар-уль-Хак Какар ыкчам чараларды көрүүнү буйруду.
Окуя болгон жерге Пакистан армиясынын тик учактары барды. Бирок эвакуация иштерине катуу шамал тоскоолдук жаратууда.
Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, куткаруучулар келгиче окуучулар төрт саат асма аркан жолдо турушкан.
Дагы караңыз
Төрөбаев "Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушуна даярдык аяктап калганын билдирдиКыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочуларга чатырлар тигилдиКазак чек ара кызматы “Ак-Тилектеги” кезек тууралуу түшүндүрмө берди