Пакистанда жоочулардын кол салуусунан 11 аскер каза болду

Пакистандын Түштүк Вазиристан провинциясында аскерлер талибдер жашырынган жерге кирүүгө аракет кылып жатышат. 2-ноябрь, 2009-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

22-августтун таңында Пакистандын Түштүк Вазиристан аймагында радикал согушкерлердин кол салуусунан бери дегенде 11 аскер мүрт кетти. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады. Барах районуна жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти өлкөдө тыюу салынган «Техрик-и-Талибан Пакистан» (ТТП) кыймылы алып, 18 жоокерди жок кылганын билдирди.

“Техрик-и Талибан Пакистан” - 2007-жылы жергиликтүү Байтулла Мехсуд баштаган талибдер түзгөн кыймыл. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы күрөшүү, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орнотуу максатын айтып келишет.

Бул топ Ооганстандагы “Талибан” кыймылына түздөн-түз тиешеси жок, бирок алар НАТО аскерлерине каршы туруу үчүн кызматташат. Эки уюмда тең пуштундар басымдуулук кылат.

Дагы караңыз

Таштанды контейнерлери турган айрым жерлерге видео байкоо коюлдуТайланддын мурдагы премьер-министри мекенине кайтары менен камалдыАКШнын экс-президенти Дональд Трамп Атлантада камаларын билдирди