Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде Кыргызстандан Казакстанга өтө албай турган жүк ташуучу автоунаалардын кезеги дагы узарды.
Чек арада турган айдоочулар “Азаттыктын” кабарчыларына Казакстан күнүнө 5-6 гана машинени өткөрүп жатканын, ушул тапта 500гө чукул жүк ташуучу автоунаа кезекте турганын айтып беришти.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 21-августта 370тей машине Казакстанга өтө албай, кезекте турганын билдирген. Мекеме кыргыз тарап автоунаалардын жай өтүшүнүн себептерин талкуулоо үчүн Казакстандын чек ара өкүлдөрү менен жолугушуу маселесин карап жатканын кабарлаган.
Казакстан окуя боюнча азырынча комментарий бере элек. Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде утур-утур жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда болуп турат. (BTo/MKt)
Дагы караңыз
Ак-Сууда коңшусу зордуктаган деген аялдын экспертизасы чыкты Кемпир-Абад иши: Жеңиш Молдокматов сот ачык өтүшүн талап кылдыОрусиялыктар кыргыз жарандыгын алууну улантып жататЗеленский: Киев F-16 кыргын салуучу учагын алатОрусия Крымга жакын жерде эки учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирдиБекбол Аманкуловдун өлүмү: үч милиция кызматкери камалды