Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:05

Орусиялыктар кыргыз жарандыгын алууну улантып жатат


Кыргыз паспорту (коллаж сүрөт).
Кыргыз паспорту (коллаж сүрөт).

Теги москвалык финансист Михаил Жуховицкий орусиялыктар Кыргызстандын жарандыгын алууну улантып жатканын кабарлады. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырып, 13 досу Кыргызстандын жараны болгонун жазды. Бирок аны текшерүү мүмкүн эмес экенин, себеби жарандыкка кабыл алуу боюнча президенттин жарлыгы журналисттердин айынан жашырылганын кошумчалады. Михаил Жуховицкий өзү да кыргыз жарандыгын алган.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы 18-августта Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койгонун кабарлаган. Жарандык алгандардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экени айтылганы менен тизме ачык жарыяланган жок.

Буга чейин жарандык алгандардын да, чыккандардын да тизмеси жазылган президенттин жарлыгы ачык жарыяланчу.

25-мартта The Moscow Times басылмасы Орусиянын саясий жана ишкер чөйрөдөгү таанымал адамдары кыргыз жарандыгын алып жатышканын жазган.

Расмий маалыматтарга ылайык, президент Садыр Жапаров 2022-жылы “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” 18 жарлык чыгарган. Жарлыктарда 4545 адам өлкө жарандыгына кабыл алынган.

“Азаттык” 2022-жылдын 31-декабрында чыккан №417 жарлыктан Орусияда таанымал болгон ондогон ири саясатчы, мамлекеттик кызматкер жана ишкерлер кыргыз жарандыгын алганын аныктаган. Кийин №417 жарлык да “президенттин кызматтык пайдалануу документи” деген жүйө менен жашырылып калды. (BTo)

XS
SM
MD
LG