Түп районунун акими Каныбек Адиев да кызматтан кетти

Каныбек Адиев.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Каныбек Адиев кызматтан кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди. Ал жаңы жетекчи качан дайындалары азырынча белгисиз экенин айтты.

Каныбек Адиев бул кызматка президенттин жарлыгы менен 2021-жылдын май айында дайындалган.

Буга чейин алты айда начар жыйынтык көрсөткөнү үчүн Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдерин иштен алуу тууралуу президенттик администрацияга сунуштама берилген.

Андан көп өтпөй Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов өзү жазган арызынын негизинде иштен кеткен.

Ал эми Тоң районунун акими Байышбек Астанакулов жана Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насировго сөгүш берилген. (AsK)

Дагы караңыз

Ак-Сууда коңшусу зордуктаган деген аялдын экспертизасы чыкты Кемпир-Абад иши: Жеңиш Молдокматов сот ачык өтүшүн талап кылдыОрусиялыктар кыргыз жарандыгын алууну улантып жататЗеленский: Киев F-16 кыргын салуучу учагын алатОрусия Крымга жакын жерде эки учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди